MANAS RADYOSU
Kırgızistan Türkiye Manas Üniversitesine bağlı olarak faaliyetlerini sürdüren Manas Radyosu, Orta Asya’nın ilk ve yayındaki tek üniversite radyosudur. Manas Radyosu yayınına 1999 yılında internet üzerinden başlamış ve 2000 yılında Bişkek ve çevresinde, 2014 yılında ise Kırgızistan genelinde FM bandında karasal yayına geçmiştir. Radyonun yayın frekansları;
Bişkek FM 102,9 Mhz,
Oş FM 87,6 Mhz,
Talas FM 88,1 Mhz,
Narın FM 93,7 Mhz,
Çolpon-Ata FM 93,7 Mhz’dir.
Üniversite gençliğinin radyosu olarak konumlanan Manas Radyosu’nun yayınlarına gençlerin enerjisi ve yaratıcılığı yansımaktadır. KTMÜ ve diğer üniversitelerin öğrencilerinin yanı sıra alanlarında tanınan akademisyenler, aydınlar, sanatçılar, iş adamları ve toplumun neredeyse her kesiminden isimler radyoda kendilerine yer bulabilmektedir.
Manas Radyosu, yayıncılığa ilgi duyan genç üniversite öğrencilerine rehberlik yapan, alanlarında uzman profesyonel bir ekip tarafından yönetilmektedir.
Manas Radyosu; müzik, kültür-sanat, haber ve spor yayınlarıyla Kırgızistan, Türkiye ve diğer Türk devletleri arasındaki yakınlaşmaya, kaynaşmaya katkıda bulunmayı hedeflemektedir. Bu amaçla içeriklerini seçerken çok özen göstermekte, Türk Dünyası eserlerinin en iyilerini sunmaya çalışmaktadır.
Manas Radyosu; Kırgızistan Türkiye Manas Üniversitesinin rehberliğinde, sosyal sorumluluk bilinciyle, sivil toplum örgütleri, üniversiteler, kamu kurumları ve diğer ulusal ve uluslararası örgütlerle faaliyetler yürütmekte, geniş kitlelere ulaşabilmek için var gücüyle çalışmaktadır.
“МАНАС” РАДИОСУ
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алдында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Манас” радиосу Борбор Азиядагы университетке таандык алгачкы жана жалгыз үналгы. Аталган радио 1999-жылы интернет аркылуу угузулуп, 2000-жылы Бишкек шаарында жана анын айланасында обого чыкса, ал эми 2014-жылы Кыргызстандын бардык аймактарында FM диапазонунда эфирдик уктурууга өткөн.
Радионун жыштыгы:
Бишкек-Чүй FM 102,9 МГц,
Ош FM 87,6 МГц,
Талас FM 88,1 МГц,
Нарын, Чолпон-Ата FM 93,7 МГц.
Университеттеги улан-кыздардын радиосу катары иш алып барган “Манас” радиосунун уктурууларында жаштардын энергиясы жана чыгармачылыгы чагылдырылат. Радиодон КТМУнун жана башка ЖОЖдордун студенттеринен тышкары, академиктер, интеллигенттер, коомдук ишмерлер, өнөр адамдары, бизнесмендер жана өлкөдөгү түрдүү тармактарда эмгектенген өкүлдөр өз ордуларын таба алышат.
Университеттин уктуруу даярдаганга кызыккан студенттерине жол көрсөтүүчү “Манас” радиосун өз тармагында мыкты адиске айланган кесипкөй команда башкарат.
Музыка, маданият, искусство, кабар жана спорт берүүлөрү аркылуу обого чыккан “Манас” радиосунун башкы максаты Кыргызстан, Түркия жана башка тектеш түрк тилдүү мамлекеттеринин жакындашуусуна, биригүүсүнө салым кошуу. Ошол себептүү маӊыздуу, маанилүү, керектүү тема жана тематикаларды тандоого өтө кылдаттык менен мамиле жасап, түрк дүйнөсүнүн эң мыкты чыгармаларын тартуулоого умтулат.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги тескеген “Манас” радиосу коомдук жоопкерчиликти түшүнүү аркылуу бейөкмөт уюмдар, университеттер, коомдук мекемелер, ар түрдүү улуттук жана эл аралык уюмдар менен иш-аракеттерди жүргүзүп, кеӊири массага жетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоодо.